• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Курал-жаракты мыйзамсыз сатууга аракет кылган Таш-Көмүрдүн тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

2021-жылдын 18-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын кызматкерлери «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чараларын
өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.

Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий