• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ички иштер органдарынын ардагерлери жана Ички иштер министрлигинин өздүк курамы өлкөдөгү учурдагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.

"Октябрь күндөрү өлкөдө курч саясий кырдаал орун алды. ИИМ жана башка күч түзүмдөр саясаттан тышкары болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди чечиши керек. Биз саясаттан тышкарыбыз жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колдобойбуз. Биз саясаттан тышкары турган мамлекеттик күч органыбыз. Биздин негизги максат - мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Биз криминогендик кырдаалды начарлатууга жол бербей, республикада ар кандай саясий күчтөрдүн таасир этүү аракетине, туруксуздаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарын алсыздантуу аракеттерине катуу бөгөт коюшубуз керек. ИИМдин өздүк курамы жана ИИОнун ардагерлери биригип, өлкөдө тынчтыкты жана
туруктуулукту орнотууну көздөшүүдө",- деп айтылат билдирүүдө

Ага байланыштуу Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти.

Пикир

Оставить комментарий