• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Кылмыш ишин козгоону токтотуу максатында пара талап кылган милициянын аймактык кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарын саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча кароо боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

Башында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.Б., аттуу жаран кайрылып, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү фактысы боюнча А.Б., менен башка адамдарга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн эки баш кой түрүндө пара талап кылып жаткан Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Ошондой эле бир эки күн мурда кызматкерлер А.Б., аттуу жарандан жана башкалардан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумгал районунун ИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кылмыш ишин токтотуу үчүн арыздануучудан эки баш кой түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

2020-жылдын 12-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Р.Ы., кармалган.

Азыркы учурда тергөөнү Финполдун Тергөө кызматы жүргүзүп жатат. "ИИМдин Ички иликтөө кызматы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды алдын алууга, ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоого жана бөгөт коюуга, андан сырткары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулук менен тартипти бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзүүнү улантышууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий