• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Кыргызстанда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бишкек шаарында жалган маалымат тараткан 1 факты катталган.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБсинин кызматкерлери коронавирус боюнча Instagram социалдык тармагы аркылуу жалган маалымат тараткан аялдын өздүгүн тактаган. Ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан", - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренеси ("Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

"Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар тууралуу "102" кызматына маалымдасаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий