• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы өз натыйжалуулугун көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы өз натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10 жыл мурда ЕККУнун “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы биринчи жолу өзишин баштаган. Алыскы аймактарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, ал кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда, санын азайтууда өз натыйжалуулугун көрсөттү.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, 2020-жылы жалпы республика боюнча 10851 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып, 12813 жаранга кызмат көрсөтүп, 10 066 кайрылууларды жана арыздарды кабыл алышкан. Алардын ичинен 4797 коопсуздукка байланыштуу. Кабылдамага кайрылгандардын 90 пайызы социалдык маселелерге байланышкан. Калк менен жолугушууда алар жарандардын кайрылууларына юридикалык жактан дагы жардам беришет. Ошондуктан, экипаждын курамына атайын окуудан өткөн милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекторлор, КААБдын мүчөлөрү кирет.

Коронавируска байланышкан жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милициянын көчмө кабылдамасы пайдаланылды. Калкка жеке коргонуучу каражаттарды колдонуу, аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 36 кабылдама иш алып барат жана онлайн режимде көзөмөлдөө үчүн атайын жабдылган радиобайланыштар, видеокамералар, GPS жабдыктары менен камсыздалган. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен ар бир автоунаага бир айга 250 литр күйүүчү май бөлүнүп берилет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын алдында милициянын көчмө кабылдамасын көзөмөлдөй турган мониторинг борбору бар. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү боюнча толук көзөмөл жүргүзүп турат.

Милициянын көчмө кабылдамасынын башкы максаты - коомдун корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, ишенимдүү мамилени түзүү, калк менен кызматташууну жакшыртуу.

Пикир

Оставить комментарий