• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: Кыргызстанда жаңы жылдын түнү тынч өттү

Коом 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы жылдын түнү тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Ички иштер органдарынын кызматкерлери ИИМдин Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн аскерлери коомдук тартипти толук кандуу камсыздашып, олуттуу бузуулар катталган жок. Өлкөдө жаңы жылдын түнү тынч өттү. Республика боюнча криминогендик кырдаал тынч болуп, башка күндөргө салыштырмалуу кылмыштар аз катталды”,- деп айтылат маалыматта.

Республиканын ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнө 31-декабрь күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 184 арыз түшүп, алардын ичинен 112 кылмыш менен 72 жоруктар болсо, 18 жол кырсыгы болуп, 1 адам каза болуп, 19 адам денелеринен жаракат алышты. Жол кыймылынынын эрежелерин бузуу боюнча 2129 протокол түзүлдү.

Учурда өлкөдө кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Милиция кызматкерлери кылмыштарды аныктоо жана бетин ачуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып жатат.

ИИМ жарандарды сак жана жоопкерчиликтүү болууга, массалык иш-чаралар өтө турган жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий