• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Тинтүү жүргүзүү учурунда Сокулук районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен марихуана жана бульбулятор табылды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИОнун Аламүдүн районунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө.

2021-жылдын 19-майында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам материалдарын ишке ашыруу учурунда, Аламүдүн районунун Тергөө кызматынын жана Чүй ИИББнүн атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында саат 23:30дар чамаларында Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада 1969-жылы туулган И.Д. аттуу «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүүдө кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты табылып алынган.

Ошондой эле тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдө 10 жаран болгон, алар да жогоруда талган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү: 1971-жылы туулган А.А. (үйдүн ээси), 1968-жылы туулган О.Т., 1968-жылы туулган У.К., 1976-жылы туулган Т.С., 1977-жылы туулган А. Т., 1978-жылы туулган Ж.Т., 1981-жылы туулган К.А., 1983-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Э.С., 1986-жылы туулган К.Ф..

Тинтүүнүн жүрүшүндө жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн үйдө жасалган шайман («бульбулулятор»), кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк табылып алынган. Андан сырткары мончонун кийинүү бөлмөсүндө БМЖКККнын Кинологиялык борборунун «Хьюго» аттуу кызматтык ити тарабынан кара-куурай жытына ээ болгон баштык табылган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун корутундусуна ылайык, табылып алынган зат таза салмагы 427 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты деп аныкталган.

Кармалган жарандардын бирине өздүк кароо жүргүзүү учурунда Э.С. аттуу жарандын шымынын чөнтөгүнөн (оң жашыруун чөнтөктө) сары полиэтилен баштыкка оролгон таңгак табылган, анын ичинде өсүүчү кара куурай кендир жыты бар зат табылып алынган.

Чүй облусунун ИИББнүн Криминалисттик борборунун корутундусуна ылайык, табылып алынган зат таза салмагы 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн «марихуана» баңгизаты деп табылган.

Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушкан.

2021-жылдын 20-майында О.Т., А.А., жана Т.С. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарындагы Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле калган кармалгандар, атап айтканда, К.Ф., К.А., Э.С., Ж.Т., И.К., А.Т., И.Д., У.К., тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий