• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы программаларды талкуулоого катышты

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы программаларды талкуулоого катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ,15-декабрда эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча программаларды кароо улуттук координациялык жолугушуусу өттү.

Координациялык кеңешменин максаты – мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун аракеттеринин жалпы натыйжалуулугун жогорулатуу максатында потенциалдуу өз ара аракеттенүү үчүн бейөкмөт жана эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат жана материалдарды алмашуу.

Аталган кеңешмеде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу кызматынын бөлүм башчысы Олжобек Кеңежбек уулу, эл аралык уюмдардын ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Сталбек Рахманов Ички иштер министрлигинин алдында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чоң милдеттер турганын, бирок бул көйгөйдү толук кандуу чечүү жалпы жарандык коомдун катышуусуз мүмкүн эместигин белгиледи.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөн. Бул демилге коомдун коопсуздук деңгээлине, жарандардын арыз-даттанууларына өз убагында жооп берүүгө, ошондой эле калк менен кызматташууну жолго коюуга оң таасирин тийгизүүдө.

Жолугушууда мыйзамдык, уюштуруучулук жана практикалык чаралар, мындан аркы биргелешкен аракеттер талкууланды. Жыйындын катышуучулары кылмыштуулуктун алдын алуу өлкөдө гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн абдан актуалдуу деген тыянакка келишти.

Пикир

Оставить комментарий