• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ кызматкерлери Москвада өткөн БУУнун чек ара кызматташтыгы боюнча жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Москва шаарында Эл аралык соода борборунда Париж Пактынын эксперттер тобунун Афганистандын аймагынан чыгуучу баңгизат коркунучтары менен күрөшүүдө чек аралык кызматташууну бекемдөө тематикасы боюнча жумушчу жолугушуусу өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов жетектеген КР делегациясы катышты.

Аталган иш-чарага 31 мамлекеттин жана 14 эл аралык, аймактык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан, ШКУ, ЖККУ, КМШ, БАРМКБ, ЕАМдан 150дөн ашуун делегаттар катышкан.

Отурумда Уланбек Султанов өлкөдөгү баңзат кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү боюнча жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып берип, татаал тоолуу шарттарда учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар Афганистандагы баңгилик кырдаалга берген баалары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кадрларды даярдоодогу аракеттери, практикалык колдонмолор менен бөлүшүшкөн.

Ошондой эле ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча билимдерин өркүндөтүп турууга квалификациялык кызматкерлерди даярдоо маанилүү экендигин белгиледи.

Кыргызстандын делегациясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү жана КР ИИМдин Баңгизатарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үчүн кадрларды даярдоо аракети тууралуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.

Париж пактысынын эксперттик жолугушуусунун «талаасында» БКБнын Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын башталышына карата салтанаттуу аземи өткөрүлгөн.

Белгиленгендей, БУУ БКБнын жаңыланган аймактык программасы түйүндүк өкмөттүк өнөктөштөрдөн жана катышуучу мамлекеттерден, анын ичинен Кыргыз Республикасынан алынган кеңири кеңештердин, сунуштардын негизинде иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий