• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ кызматкерлери сууга чѳгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты

Коом 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Кечээ, 6-августта Ысык-Кѳл облусундагы "Алтын-Кѳл" пансионатында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери сууга чөгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары 32 жаштагы Г.Б жана 27 жаштагы М.Б аттуу эже-сиңдилерди куткарып калышкан.

"Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳгүп, аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын кызматкерлер байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан. Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий