• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ИИМ кызматкерлери “Туристтик сезон-2021” ачылышына даярдык көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жайкы "Туристтик сезон - 2021" эс алуу мезгилине карата Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалыматтык материалдарды иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буклеттер жана стикерлер КР күч түзүмдөрүнүн ишеним телефондорун жана күнү-түнү иштей турган шашылыш жардам жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле республиканын аймагындагы укук бузуулар тууралуу Кодекстен көчүрмө жайгаштырылган, туристтердин укуктары жана башка мамлекеттик органдардын байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн.

Мындай китепчелерди туристтерге республиканын аймагына кирүүчү негизги пункттар - "Чалдовар", "Достук", "Ак-Тилек" өткөрүү пунктарында жана мобилдүү экипаждарда таратылат.

Мындан тышкары, жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында аймактарда көчө-жол тамактары текшерүүдөн өткөрүлүп, маалыматтык баннерлер илинип, маршрут каттамына каттаган коомдук унаалардын айдоочулары жана эл ташуу кызматы менен алектенген айдоочулар менен жолугушуп, маектер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ЖКККББнын туристтик милициясынын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин жана республиканын конокторунун коопсуздугун, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылат.

"Чет өлкөлүк туристтер келген аймактарды кайгуулдап жана коопсуз эс алуу маселелери боюнча консультация берип турат. Кызматкерлер тарабынан ыкчам чара көрүү иштери жүргүзүлүп ар кандай укук бузуулар жана кылмыш жасаган адамдарга карата чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоодо эл топтолуучу жерлерде эс алуучуларга жардам кылышып, тилдик тоскоолдуктар жаралган учурда тигил же бул маалыматты алууда көмөктөшөт",-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге ИИМдин ЖКККББ коноктор жана эс алуучулар күнү-түнү арыз жана каалоо-тилектери менен 0312 630900, 630901 ишеним телефондоруна жана guobddmvdkr@gmail.com электрондук дарегине кайрыла ала тургандыгы тууралуу маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий