• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ кызматкерлерине жаштар арасында экстремизмди алдын алуу боюнча тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда КР Ички иштер министрлиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте Ички иштер министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине “Жаштар арасында улуттук аралык коркунучтарда жана зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу” аталыштагы тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомтвонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын ачылышында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин кеңешчиси милициянын отставкадагы полковниги Шамшибек Мамыров тренингдин катышуучуларына иш-чаранын максатын жана тапшырмаларын белгилеп, кызыгуу менен маек курууга чакырды.

Андан соң КР ИИМдин эксперти Эрлан Бакиевге сөз берилип, ал “Экстремизм жана терроризимдин алдын алуунун укуктук негиздери жана жаштар арасында экстремизмдин алдын алуу багытындагы мамлекеттик демилгелер”, “Зомбулук экстремизм жана экстремизм - түшүнүгү” жана “Диний булактарды укуктук талкулоосу” тематикада баяндамасын окуду.

Мындан сырткары, ИИМдин теолог-эксперти Медер Карабаев катышуучуларга мультимедиялык көргөзмө аркылуу сын көз караштагы маалыматтарды талдоо жана ага баа берүү, диний агымдардын коомго таасир этиши, ошондой эле “Талибан” уюмунун Борбордук Азияга таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу баяндады.

Эксперттердин баяндамаларынан кийин катышуучулар баяндамачыларга кызыктыруучу суроолорун беришип, канааттандырарлык жоопторун алышты.

Аталган тренингдин жыйынтыгында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин аскер-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеевге жана Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын начальниги Мирбек Тюкебаевге жыйынтыктоочу сөз берилди.

Александр Елисеев өз сөзүндө ЕККУнун программалык кеңсеси милиция кызматкерлеринин ишин ийгиликтүү аткарышына дайыма жардам көрсөтүп келаткандыгын белгилеп, экстремизм менен күрөшүүдө милиция жана билим берүү кызматкерлеринин бул чөйрөдө билимдүү болушу зарыл экенин айтты.

Мирбек Тюкебаев Александр Елисеевге терең ыраазычылыгын билдирип, ЕККУнун программалык кеңсеси Кыргызстанда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо материалдык жана моралдык жактан дайыма жардам көрсөтүп, иындан ары да кызматташууну бекемделишине ишеничин билдирди.

Ич-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын бардыгына тиешелүү тастыктамалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий