• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Кызматтык унаасында мас абалында кармалган милициянын 3 кызматкери иштен алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кызматтык унаасында мас абалында кармалган милициянын 3 кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган факт боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин криминалдык милициясынын үч кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы аныкталган.

"Биринчиден, алар коменданттык сааттын талаптарын бузушту, экинчиден, кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Аталган үч кызматкер Бишкек шаарындагы наркология борборунда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, алардын мас экендиги тастыкталган жана тиешелүү документтар толтурулган. Автоунаа атайын айып жайына токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, аталган факты боюнча атайын кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"Иликтөөнүн жыйынтыгында ички иштер органдарынын кызматкерлери өзгөчө абал учурунда күчөтүлгөн даярдык баскычында кызмат өтөп жаткандыгына карабастан өздөрүнүн кыймыл аракети менен укук коргоо органдарынын тартиптик уставын, укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын жана кесиптик этика ченемдерин сактабагандыгы үчүн үчөө тең ички иштер органдарынын катарынан бошотулду", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий