• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Республика боюнча 22-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223 кылмыш, 161 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий