• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөнүп жатат

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 12-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 303 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 151 кылмыш, 152 жоруктар.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий