• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдары абалды толук көзөмөлдөп жатат

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

"13-октябрга карата Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 346 кылмыш менен жорук катталган. Анын ичинен 196сы - кылмыш, 150сү - жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ыктыялдуу элдик кошуундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Республика боюнча элдик кошуундун катарына кошулган 10 миңге жакын жаран коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө", - деп билдирет министрлик.

Министрлигк Бишкек шаарында киргизилген өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ага байланыштуу бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий