• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Өлкө аймагында “Бандит” рейди өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги тарабынан “Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын аймагында криминогендик кырдаалды турукташтыруу, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, соттон жана тергөөдөн изин жашырып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтордун субъекттерин издөөнү активдештирүү, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды аныктоо жана алуу, ошондой эле укук бузууларды алдын алуу, коомдук тартипти камсыздоо, инсанды, коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыздоо чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 2-июнунан 3-июнуна чейин “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

"Мындай алдын алуу иш-чаралары ар дайым өткөрүлүп турат жана ал кылмыштуулукту эскертүүгө, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюга жана анын бетин ачууга, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөндөрдү жана коомго каршы аракеттерди жасашкандарды аныктоого багытталган.

Аталган операцияны өткөрүү маалында республика аймагы боюнча 18 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинде бейбаштык, алдамчылык, тоноо болсо, мурда жасалган 7 кылмыштын бети ачылды. Мүлктүк кылмыштарды жасоо үчүн издөөдө жүргөн 4 адам кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилди.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 10 адамды аймактык бөлүмдөргө жеткиришип, алар менен алдын алуу боюнча маектешүүлөрдү жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий