• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Өлкө аймагында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызмат көрсөткөн борборлор иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Өлкө аймагында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлор иштөөдө, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББдин имаратында (Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү №115, тел.: (0312) 36-94-17, 36-94-18) өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, республиканын ички иштер органдары тарабынан берилген лицензияларды берүү кызматтарын көрсөтөт.

Жогорудагыдай борборлор өлкөнүн башка аймактарында дагы ачылган:

- 2019-жылдын 19-мартында Жалал-Абад облусунун ИИБде (Жалал-Абад шаарынын Шопоков №37, тел.: (03722) 7-18-17);

- 2019-жылдын 20-мартында Ош ОИИБде (Ош шаары, Ленин көчөсү №199, тел.: (03222) 6-64-20); - 2019-жылдын 21-мартында Баткен ОИИБде (Баткен шаары, Раззаков көчөсү №4, тел.: (03622) 5-02-28);

- 2019-жылдын 16-майында Нарын ОИИБде (Нарын шаары, Ленин көчөсү №27, тел.: (03522) 5-70-22);

- 2019-жылдын 17-майында Ысык-Көл ОИИБде (Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү № 146 “а”, тел.: (03922) 5-62-90);

- 2019-жылдын 23-майында Талас ОИИБде (Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191, тел.: (03422) 5-56-96).

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Чүй облусунун Токмок ШИИБи менен Жайыл РИИБде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБи менен Ала-Бука РИИБде, Ош облусунун Алай жана Кара-Кулжа РИИБде, Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек РИИБде, Нарын облусунун Кочкор РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл РИИБде, Талас облусунун Кара-Буура РИИБде ачылып, ал жакта өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; республиканын ички иштер органдары тарабынан берилген лицензиялар, андан сырткары, кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын берүү кызматтарын көрсөтөт.

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 1-январынан 11-сентябрына чейин өлкө аймагында – 1 миң 236 аппостилдик тактамалар, 107 миң 974 соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамалар, республиканын ички иштер органдары тарабынан берилген лицензиялар – 1 миң 932 (юридикалык жактарга – 509, жеке жарандарга – 1423), андан сырткары, кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздары – 415 (коштоо транспорт–82, уруксат – 333) берилген.

Эскерте кетсек, ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары башка күндөрү тактамалар күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин берилет.

Тактама берүүгө жооптуу кызматкерлер кезекте турган бардык жарандарга тактама алып бүтүшкөнчө жумуш ордунан кетишпейт.

Пикир

Оставить комментарий