• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: Өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 58 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 58 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"15-апрелге карата Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаары, Жалал-Абад облусунун Сузак району жана Жалал-Абад шаарында коменданттык саат учурунда – 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин өлкө боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 58 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 43,
Жалал-Абад шаары боюнча – 7,
Ош шаары боюнча - 1,
Сузак району боюнча - 4,
Кара-Суу району боюнча - 3.
Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Өзгөчө абал киргизилгенден бери, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында коменданттык саатты бузган 2 миң 576 жаран кармалган.

"ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат. Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары, өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алып, бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуу үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралган. Ошондуктан ар бир кыргызстандык, ар бирибиз өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек – бул ар бирибиздин Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле ИИМ жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий