• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Маевка айылында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы аныкталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Маевка айылында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери менен биргеликте шайлоочулардын добушун сатып алуучуларды кармоо аракетинде атайын операция уюштурушту.

Аталган факт, Аламүдүн райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган “Шайлоочуларды сатып алуу” кылмышы менен катталып, тергөө иши жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки иштин алкагында, КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүсү болгон 1965-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран Маевка айылынын жашоочуларынын добуштарын сатып алуу максатында акча каражаттарын таратып жүргөндүгү аныкталган. Аталган жаран 18 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан учурунда кармалган.

Азыркы убакта, бул иш боюнча тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий