• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Мал уурдоо менен алектенген топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Мал уурдоо менен алектенген топ кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эки айдан ашык убакытта милиция кызматкерлери ири мүйүздүү малдарды жана жылкыларды уурдаган кылмыштуу топтун изине түшкөн.

"2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Кемин районунун Ильичев айыл өкмөтүнүн аймагынан 11 баш ири мүйүздүү малдарды (уй менен торпоктор) белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Мал ээлери башында өз күчтөрү менен издешип, андан соң гана милицияга кайрылышкан", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кемин райондук ИИБ тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

2019-жылдын аягында Нарын облусундагы сарайлардын биринен 3 баш жылкы менен 1 уйду уурдап кетишкен. Аталган факт дагы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Нарын жана Кочкор РИИБдери тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочулары Э.А., С.А. жана Талас облусунун жашоочусу Т.Т. кармалды. Алынган маалымат боюнча алар уурдалган малдарды Баткен облусунун аймагына алып келишип, жергиликтүү базарларда сатып жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий