• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Мал уурулук менен алектенген 51 кылмыштуу топ кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары мал уурдоону болтурбоо жана эскертүүгө багытталган ыкчам жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келет.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызатынан кабарлашкандай, жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактынын бети ачылган.

Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 112 адамдан турган 51 кылмыштуу топ кармалган. Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 1 973 мал уурдалган, анын ичинен 1 миң 55 мал ээлерине кайтарылып берилген.

Анын ичинен ийри мүйүздүү бодо малдар 583, кайтарылып берилгени 313, 908 майда мүйүздүү мал жандыгынан уурдалса , 478 кайтарылып берилген.

Уурдалган жылкынын саны 482, ээлерине кайтарылып берилгены 232 болот. Жарандарга келтирилген зыян 46 млн 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 млн 987 миң сомду түзөт.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай мүлктүк кылмыштардын курмандыктары болуп, малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби болуп жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылганы жатканы эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, мындай кылмыштарды негизинен "изин суутпай" ачуу оңой болот.

Пикир

Оставить комментарий