• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери аймактык бөлүктөр менен биргеликте республиканын айрым аймактарында мал уурулук менен алектенип жүргөн шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мал уурулардын кылмыштуу аракеттеринен Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облусунун жашоочулары жабыр тарткандыгы маалым болду.

Кылмыштуу топтордун курамында мурда соттолгон жарандар болгон. Айрымдары эки-үч ай мурда эркинен ажыратуу жайынан чыккан.

Алар бири-бирине маалымдап, кароосуз калган малдарды табышып, автоунаага жүктөп, тезинен изин жашырып кетип жүрүшкөн. Уурдалган малдардын көбүн базарларда сатып жүрүшкөндүгү жана уурдалган малдарды сатып алган жана кайра сатуу менен алектенгендер дагы аныкталды.

Өздөрүнүн укукка каршы аракеттери менен бир нече региондун жашоочуларына маанилүү чыгым келтиришкен.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча Чүй облусунда малды сатып алып өткөрүүчүлөргө ЖАМКтын мекемелеринде жаза мөөнөтүн
өтөп жатышкандар дагы чалып жүрүшкөн. Соттолгондор ири суммада акча каражатын карыз болуп калган адамдарга жардам берүү үчүн уйларды жана жылкыларды сатып алууну сунушташкан.

Бул факты кылмыштуу ишмердүүлүккө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар дагы тартылгандыгын билдирет.

Кылмыштуу топтордун эсебинде Кочкор, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Тоң, Кемин жана Жайыл райондорунун аймагында бир катар уурдалган ири мүйүздүү малдар жана жылкылар бар болгон. Шектүүлөр 15 кылмыш ишин жасоого шектелүүдө. Алар 15тен ашык ири мүйүздүү малды жана 5 жылкыны уурдашкан.

"Бул болжолдуу гана маалыматтар. Азыркы учурда ыкчам кызматкерлер мал уурулук менен алектенген эки кылмыштуу топтун 6 мүчөсүн кармашты. Алар 21 жаштан 28 жашка чейинкилер. Бардыгы мурда соттолгондор. Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары болушат. Бирөөсүн ЖАМКтын тергөө органы издеп жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдү кармоону Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн жана Нарын ОИИБдин
КМКнын, Кочкор РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кармалышкан.

Уурдалган малдарды ташып жүргөн “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү эки автоунаа такталып, бирөөсү ИИОнун токтотуучу жайына киргизилди.

Учуода иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий