• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү Россияда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү Россияда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрү биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн кыргызстандыктын жүргөн жери аныкталып, кармалды.

Издөөдө жүргөн жаран алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган. 29-октябрда издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалды.

Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн. Э.О. 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн. Учурда издөө алган тарапка маалымат берилип, Э.О. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий