• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунда иштеген бир да милиция кызматкери ишсиз калбайт

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунда иштеген бир да милиция кызматкери ишсиз калбайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бүгүн “informator.kg” маалымат сайты жарыялаган "ИИМ менен «Манас» аба майданы 41 милицияны ишсиз калтырды" деген маалымат боюнча Ички иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет:

ИИМге «Манас" эл аралык аэропорту» ААКсынын жетекчилиги атайын кат жиберген. Анда Эсеп палатасы «Манас" эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун каржылык-чарбалык иштерин текшерип чыгып, анда ИИМдин Аба транспорттук милициясын негизсиз каржылап жатканы тууралуу эскертүү берген. Ошол себептүү аталган аба майдан мекемеси аэропортоо коомдук тартипти сактоо милдетин аткарган милиция кызматынын 38 кызматкерин каржылоону 2020-жылдын 1-апрелинен тартып токтотконун ИИМге билдирди.

Учурда «Манас" эл аралык аэропорту» акционердик коомунун бюджетинин эсебинен каржыланган коомдук тартипти сактоо багытында иштеген 38 кызматкер бүгүнкү күндө ИИМдин Кадрлар кызматынын карамагына алынды жана алардын ар бирине тиешелүү кызмат орундары сунушталат, учурда бул багытта ИИМдин Кадрлар башкы башкармылыгы иш жүргүзүүдө, бардыгы иш менен камсыз болот. Үй-бүлөбүздү кантип багабыз деген да суроо коюлган.

Аэропортто иштеген ар бир милиция кызматкери мыйзамга ылайык эки ай ичинде мурда кандай айлык акы алып жатса ошону толугу менен ала тургандыгын белгилейбиз. Андан сырткары, дагы эки айга чейин аларга кошумча каржылык колдоо да мыйзамда көрсөтүлгөн. Учурда эки ай ичинде аларды милициянын башка бөлүктөрүнө кызматка орноштуруу маселесин чечүү багытында ИИМдин Кадрлар башкы башкармылыгы иш жүргүзүүдө.

Учурда жогоруда аэропортто иштеген кызматкерлер башка бардык милиция кызматкерлери катарында өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти сактоо багытында милиция күчтөрү менен биргеликте кызмат өтөөдө. Дагы бир белгилеп кете турган жагдай учурда «Манас" эл аралык аэропорту» ААКнын аймагындагы коомдук тартипти сактоо багытындагы милициянын ишмердүүлүгү токтоп калган жок, аталган бөлүмдөрдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматтарын өтөшүүдө жана кызмат өтөөдө эч кандай кемчиликтер жок. Бардыгы өздөрүнө тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий