• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ маркум журналист Улан Эгизбаевдин денесиндеги тактар тууралуу маалымат берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинен маркум журналист Улан Эгизбаевдин денесиндеги тактар тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу кененирээк ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн фактысы боюнча ишти терең иликтеген кызматкерлерден атайын топ даярдалган.

“Улан Эгизбаевдин денесинен күч колдонуп өлтүрүүнүн издери табылган жок. Ал сууга чөгүп, жогорку дем алуу жолдору толуп калгандыктан каза болгон. Анын денесинде өлгөндөн 3 күн мурунку тактар болгон. Ошондой эле андан уколдун издери калган. Медайым анын жүрөгүн иштетүү үчүн адреналин уколун берген. Анын бутундагы тактар боюнча айтсак, экспертиза ал жерлерге эч кандай күч, басым жасалбаганын көрсөттү”, - деди ИИМдин өкүлү.

Күч органдары журналисттин өлүмүндө эч кандай криминалдык белги жок деп эсептешет.

Эске салсак, Улан Эгизбаев 22-июлда жубайы менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп каза болгон. Ал 28 жашта эле.

Пикир

Оставить комментарий