• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү башталды

Коом 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу Алексей Мощиндин арызынын негизинде Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү иштерин башталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда аталган факт боюнча ыкчам тергөө иштерин жүргүзүлүүдө.

«Мелис Аспековго байланыштуу ишти Чүй облустук милициясы, ал эми Төрөхан Жунусбеков боюнча ишти Талас облустук милициясы териштирет. Иш ИИМдин Тергөө кызматынын көзөмөлүндө», - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, мурда Мощин Аспеков менен Жунусбеков президенттикке талапкердин штабынын кызматкерлери эместигин билдирип, ИИМге арыз жазган. Бирок арыз ээси алар өздөрүнүн үгүт иштеринде Садыр Жапаровдун ысымын колдонуп жаткандыктарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий