• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 14.05.21./Кабар/. Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды, - деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, «Facebook» социалдык тармагында М. Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 млн доллар алгандыгын, акча каражатын Кыргыз Республикасынын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

2021-жылдын 14-майында аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий