• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ИИМ менен “Медикал Парк” өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-октябрында КР ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев “Медикал Парк” клиникалар тармактарынын башкы директору Себахаттин Тана менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башкармалыгынын начальниги Алмаз Осмонбеков, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Индира Абдыгулова жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Эльмира Исакова катышты.

меморандумга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев менен “Медикал Парк” клиникалар тармактарынын Башкы директору Себахаттин Танас кол коюшту.

Жолугушуу учурунда Нурбек Абдиев “Медикал Парк” менен медициналык кызмат көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашуу иш жүзүнө ашырылып жатканын, достук мамилелердин бар экенин белгиледи. "Дарыгерлер медициналык кызматты эл-аралык деңгээлде, сапаттуу көрсөтүү үчүн ар дайым өз квалификациясын жогорулатып турушу абзел. Өзүңүз билгендей акыркы эки жылда COVID-19 пандемиясы мамлекеттердин дарыгерлеринин биригип, тажрыйба алмашып, дүйнө масштабында иш алып баруусу жана илимин жогорулатып туруусу керектигин тастыкталды. Ошондуктан, адамдардын өмүрүн сактап калууга салым кошуп келе жатканыңыздарга жана дүйнө жүзү боюнча аткарып жаткан маанилүү вазипаңыз үчүн ыраазычылык билдирип, достук жана кесиптик мамилерди мындан ары өнүктүрүүгө чакырам”, – деди ал.

Өз кезегинде Себахаттин Танас бул меморандумдун негизги максаты - КР Ички иштер министрлиги менен Түркиядагы клиникалардын эң ири тармагынын ортосундагы өнөктөштүк кызматташуу процесстеринин тартибин аныктоо экенин белгилеп, ИИМ кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө жана пенсионерлерге квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыгерлерге илимий, академиялык жана кесиптик кызматташтыгына багытталган өнөктөштүктү түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоого милдеттене тургандыгына көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары Нурбек Абдиев меморандумдун түзүлүшүнө өзгөчө маани берип, ИИМдин медициналык башкармалыгынын кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача тургандыгын көрсөттү.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий