• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ менен Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун полициясы кызматташтыкты өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлдөрүнүн ортосунда онлайн жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө КР ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кеңешбек уулу эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн, КЭР СУАР Коомдук коопсуздук департаментинин достук мамилесин белгиледи.

Ошону менен бирге, Олжобек Кеңешбек уулу Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине оргтехника түрүндө материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин өкүлү Ван Мин Ды Кытай менен Кыргызстандын чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылгандыгы жана мындан ары тыгыз кызматташууга умтулгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда. Тараптар укук коргоо ведомстволорунун учурдагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалашып, аны мындан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий