• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ менен Транспорт министрлиги эӊ коррупциялашкан орган болуп калды - Башкы прокурор

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Мамлекеттик органдардын ичинде Ички иштер министрлиги эӊ коррупциялашкан орган болуп калды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутаттар Кыргызстанда кайсы мамлекеттик органдар өтө коррупциялашкан орган болуп санала турганына кызыгышты. «Эгерде тизме болсо, кайсы органдар анын башында турат?», - деген собол салды депутат Жыргалбек Турускулов.

Башкы прокурордун айтымында, алдыӊкы орунда Ички иштер министрлиги турат. «Андан аркы орундарды Транспорт жана жол министрлиги, Мамлекеттик экотехинспекция, Мамлекеттик курулуш агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы ээлейт», - деди ал.

Депутат Жыргалбек Турускулов мындай тизмени Ички иштер министрлиги баштап калганы өтө өкүнүчтүү экенин айтты. «2016-жылы тизме башында Бажы кызматы турган. Андан кийинки орундарды Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы, Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы ээлеген», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий