• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Миграциялык мыйзамды бузгандардан 41 млн сомдон ашык айыппул өндүрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11 айында миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндө 7962 укук бузуулар, анын ичинен чет элдик жарандардын 7171 укук бузганы аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

- Аныкталган укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына чакырылган же чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн 1096 протокол түзүлдү;

- Чет өлкөлүк жарандарга болуунун белгиленген тартибин, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 6654 протокол түзүлдү;

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 протокол түзүлдү;

- Чек арадагы эмгекчи-мигранттар тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн 154 протокол түзүлдү;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын уруксатсыз же уруксатта каралган шарттарды бузуу менен чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн 10 протокол түзүлдү.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын маалыматы боюнча, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар салынып, мамлекеттик бюджетке 41 млн 162 миң сом өндүрүлгөн.

Өлкөдөн 17 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий