• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келди. Учурда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тынч тарап кетүүгө чакырган.

"Бирок митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй проспектиси аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытышып, дарбазадан ашып кирүү аракеттерин жазашты. Ошол себептүү жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана үн чыгаруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автоунааларды пайдалануу менен таркатууга туура келди", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ буга чейин жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда, бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эскерткен, бирок ошого карабастан алар коомдук тартипти бузууга барышты.

"Акцияны уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйлөрүнө толук таратып кетүүгө дагы бир жолу чакырабыз. Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан жарандан бүгүн "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Алар Ак үйдүн жанына барышкан. Милиция чогулгандарды таратууда.

Пикир

Оставить комментарий