• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда

Коом 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 599 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Бир күн ичинде жалпы 94 кылмыштын бети ачылды.

Жол унаа кырсыктары саны 26, каза болгондор жок, 30 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Жалпы республика аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өттү. Ички иштер орган кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.

"Урматтуу жарандар, Сиздерди ИИОнун кабыл алган коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз. Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул жөнүндө ички иштер органдарына "102" телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз. Милиция кызматкерлери эс алуу күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий