• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадан баңгизат менен кармалган милиция кызматкери боюнча ИИМден түшүндүрмө беришти

Коом 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин ыкчам кызматкери баңгизат менен Казакстандын чек арасында кармалган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында мүлк уурдалган. Үй жумушчусу катары иштеп жүргөн А.Д. аттуу жаран үй кожоюндарынын жоктугунан пайдаланып, 14 миң сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты боюнча КРнын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү (Урдоо) менен кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 6-январь күнү Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Ленин РИИБдин ШМБ-2нин кызматкерлерине шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо жана суракка алуу үчүн алып келүү боюнча иликтөө тапшырмасы берилген. Ушул эле күнү криминалдык милициянын кызматкерлери Т.И. жана Ж.А. аттуулар иликтөө максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн Талас облусунун Манас районуна барып, 1999-жылы туулган А.Д. аттуу жаранды кармоо жана Бишкек шаарына алып келүүгө бара жатышкан.

2019-жылдын 6-январдан 7-январга караган түнү Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан “Чалдовар” чек ара посту аркылуу Казакстан Республикасынын чек ара постунан өтүү учурунда Т.И. аттуу милиция кызматкери кармалып, чек ара кызматкерлери автоунаанын ичин текшерүү учурунда 1 грамм салмактагы “Гашиш” табылган.

“Толуктоо ирээтинде маалымдайбыз, баңгизат милиция кызматкеринин чөнтөгүнөн эмес, иш-сапарга барганда айдап бара жатышкан “Тойота Аллион” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен табылган. Ал эми аталган автоунаа милиция кызматкеринин байкесине таандык болгон. Жогорудагы факты боюнча Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Меркен РИИБде текшерүү жүргүзүлгөн. Милиционердин байкесине карата административдик материал түзүлүп, айып пул салынган. Милиция кызматкерлери тууганы менен кошо азыркы учурда Меркен районунун мейманканасында болушуп, жакынкы убакта шаарга келишет”, - деп берилет маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий