• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Милиция кызматкерлери психологиялык тест тапшырууда

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бишкек шаардык жана Чүй облустук Ички иштер органынын кызматкерлери психологиялык тест тапшырууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны ИИМдин Медицина башкармалыгынын психология кызматкерлери өткөрүп жатышат. Бир айга созулган иш-чарада ИИМдин Медицина башкармалыгынын психологдору жыл сайын өткөрүлүүчү пландын негизинде агрессивдүү кызматкерлерди аныктоо багытында тест алууда.

Учурда ИИМдин өздүк курамы, Ички аскерлери жана «Унаа» мекемесинин кызматкерлери тест тапшырып жатышат. Бул тууралуу ИИМдин Медицина башкармалыгынын Психология кызматынын улук инспектору Чынара Турабакунова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Биз жыл сайын милиция кызматкерлер арасында психологиялык иш-чараларды өткөрүп, ар кандай темада лекцияларды окуп келебиз. Бул жолку иш чаранын максаты агрессивдүү кызматкерлерди аныктоо жана аларды тобокелдик тобунан чыгаруу. Негизинен алып караганда, бул топко милиция тармагына жаңы келген кызматкерлер туш болушат. Себеби, тартип, жобо, жаңы коомго көнүшүү, ар кандай жарандар менен иш алып барууга көнүп кетүү алар үчүн кыйын болуп, психологиялык басымга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан, психологдун жардамы кызматкерлер үчүн абдан маанилүү», - деп белгиледи ал.

Чынара Кайырбековнанын айтуусунда, учурда ИИМдин Медицина башкармалыгынын психология кызматында 4 гана кызматкер иштегендиктен, физикалык жана моралдык жактан жетишпей келишет. Бир психологго 2-3 миң милиция кызматкери туура келген учурлар көп. Тесттин жыйынтыгы жакынкы күндөрдө чыгып, тобокел тобуна кошулган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, психологдордун көзөмөлүнө алынат.

Пикир

Оставить комментарий