• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Милиция кызматкерлери суу постторун катуу көзөмөлгө алууда

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. 2021-жылы 23-июндан 24-июнга караган түнү Москва районунун Чоң Чүй каналы (ЧЧК) боюнча КР Суу чарба департаментинин башчысы Алмазбек Сокеев, Москва районунун акиминин орун басары Ж.Нарботоев жана Москва РИИБнин башчысынын орун басары А.Кыдыралиев менен биргеликте ЧЧК жайгашкан жалпы 22 гидропост, шлюздар текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кыматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Москва районуна ЧЧКсына 16.5 куб суу келери, анын ичинен агып кеткен суу (утечка) 1,3 куб түзөрү белгилүү болду. Андан тышкары, гидропост Р-19-3тү текшерүү учурунда шлюз ачык болуп, болжол менен 200-250 литр суу агып жатканы аныкталган. Москва районунун РУВХ мурапы Ш.Тантыкеев шлюзду жаппаганын мойнуна алып, ошол жерден жаптырып жана кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча Суу чарба департаментинин башчысы А.Сокеев талап койду.

Ошондой эле, гидропост Р-20-1 шлюз аварийный болуп чыгып, суу толук жабылбай калгандыктан агып кеткен суунун көлөмү 159 литр болуп жатканы билинди.

Москва РИИБнун жетекчилиги тарабынан ЧЧКнын өтө көйгөйлүү 7 постуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматкерлер күзөт жүргүзүү үчүн коюлган. Республика боюнча милиция сууну үнөмдөө, кайтаруу иштерин колго алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий