• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган аялдарга, балдарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылат

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн бир катар тренингдер башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө милициянын аймактык инспекторлору жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору үчүн аялдар жана балдар үчүн укук коргоо жаатында негизги кызматтарды көрсөтүүнүн типтүү иштөө тартиби иштелип чыгып бекитилген. Процедуралар эл аралык деңгээлде иштелип чыккан жана аялдардын жана балдардын негизги укуктарын - жашоого, ден соолукту коргоого, коопсуздукка жана кылмыштуу кол салуулардан коргоого, басмырлоого жол бербөөгө, сот адилеттигине жетүүгө багытталган.

Окуу семинарлары коомдук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүндө бул стандарттарды практикалык түрдө ишке ашырууга багытталган. Семинарлар Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында башталып, Сокулук жана Аламүдүн РИИБнин 75 кызматкери катышты.

Милиция кызматкерлери зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн кызматтардын негизги принциптерин жана стандарттарын изилдеп чыгышты. Өзгөчө көңүл жабырлануучулар менен алгачкы байланыштарга, аялдарга, балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүнө бурулууда.

"Катышуучулар зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга карата базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин жана стандарттарын окушат. Өзгөчө көӊүл жабыр тарткан адамдар менен биринчи байланышуу стандарттарына, майыптыгы бар жана көп түрдүү басмырлоонун башка формаларына кабылган аялдарга жана балдарга мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүнө бурулат. Катышуучулар аялдардын жана балдардын укуктарын зомбулуктан сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен таанышып, аялдарга жана балдарга карата зомбулук тууралуу маалыматтарды алуу, аныктоо же шек саноо болгон учурдагы ИИОнун кызматкерлеринин аракеттеринин алгоритмин өздөштүрүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Тренингдин атайын сессиялары ИИОнун кызматкерлеринин калк менен сүйлөшүүдөгү этикалык стандарттарына жана ИИОнун кызматкерлеринин калк менен иш алып барууда эмоционалдык жактан түгөнүүсүнүн алдын алууга арналат. Катышуучулар маалыматтык таркатуучу материалдардын топтомун алышат – бул
калк үчүн баракчалар, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн картасы, «Зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга кызматтарды жана жардамдарды көрсөтүү боюнча жетектөөчү принциптер», визиткалар, ак барак, зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн ресурстук материалдар жүктөлгөн 32 ГБ Флешка.

Семинар-тренинг Ички иштер министрлиги тарабынан «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду менен биргеликте КР министрлер кабинетинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин «Теӊдик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында БУУнун Калк фондунун колдоо көрсөтүүсү астында өтүп жатат.

Бул тренингге Бишкек шаарынын, Чүй, Ош жана Нарын облустарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен, милициянын аймактык инспекторлорунун жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордон турган 200 кызматкердин катыша тургандыгы күтүлүүдө.

Тренерлер катары ИИМнин КККнын бөлүм начальниги милициянын полковниги Таалайбек Алижанов, ИИМнин КККнын Жашы жете электер иштери боюнча бөлүмүнүн начальниги Нуржан Адылова, ошондой эле бул семинар-тренингдерди өткөрүүгө ИИМнин КККнын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов, Чүй облустук ИИББнин КККнын бөлүмүнүн начальниги Сагынбек Төлөмүшов, Бишкек шаарындагы Зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүү борборунун директору Д. Давлетбаева, ДПИБ КФнын программалык адистери Е. Карпович жана Г. Жумабаевалар активдүү салымдарын кошушту.

Пикир

Оставить комментарий