• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ милиция кызматкерлерин автобустар ташып жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги (ИИМ) милиция кызматкерлерин автобустар ташып жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

ИИМ басма сөз кызматы маалымдагандай, "Ички иштер министрлиги аралык жөнүндө эрежени сактабай ичи толгон автоунаада милиция кызматкерлерин ташып жүрөт" деген айрым маалымат агенттиктер жарыялаган билдирүүлөргө толуктоолорду киргизүү максатында төмөнкүлөрдү билдиребиз:

“Азыркы учурда Кыргызстанда жана башка бардык өлкөлөрдө коронавирус илдети жайылып жаткандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Өзгөчө абал учурунда бардыгы үйдө отура албайт, анткени укук коргоо органдары, мамлекеттик жана айрым уюмдар абалдын оорлугуна карабай иш үстүндө болууда.

Өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу бардык соода-түйүн комплекстери, билим берүү мекемелери жабылып, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулган. Ал эми ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн.Коомдук транспорт токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилбегендиктен, милиция кызматкерлери дагы өз унааларын токтотууга туура келген.

Көчөлөрдө кайгуулдоого тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жери боюнча милициянын бөлүмү менен бөлүмчөсүнө бөлүнүп берилип, аталган бөлүктөрдө кызматтарын өтөөдө. Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча коронавирусту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын базасында коомдук коопсуздукту камсыздоого, алыскы жайгашкан жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүүгө тартылган жана көчөлөрдү кайгуулдоочу кызматкерлерди кызмат өтөө жерине жана алардын жашаган жерине чейин ташуу уюштурулган. Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Кызматкерлер атайын коргонуучу каражаттар, колкап, беткап менен камсыздалган. Андан сырткары, санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блокпосттордо турган кызматкерлер жеке коргонуучу атайын кийимдер, атайын коргоочу каражаттар менен жабдылган”.

Пикир

Оставить комментарий