• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Милиция кызматкерлерине төлөнө турган кошумча каражат өзгөчө абал аяктаганда берилет

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлерине төлөнө турган кошумча акча каражаты өзгөчө абал аяктагандан кийин берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Акыркы учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында "Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча эч кандай айлык маянасы төлөнгөн жок, эмне үчүн төлөнбөйт, картасына акча түшкөн жок" деген такталбаган ар кандай багыттагы маалыматтар тараган. Ички иштер министрлигинде өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражаты өзгөчө абал аяктаган соң гана КРнын нормативдик мыйзам актыларынын чегинде атайын комиссия тарабынан аныкталып, такталат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, КРнын өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №639 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча акча жана кенемте жөнүндөгү жобонун негизинде ИИМде кызмат бөлүктөрүнүн башчыларынан – 12 кишиден турган комиссия түзүлүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Комиссиянын негизги аткара турган милдети өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражатын акыйкат жана мыйзам чегинде ар бир кызматкердин кылган ишине жараша аныктоо жана баалоо болуп саналат.

"Биринчиден, аталган комиссия 1998-жылдын 24-октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө абал тууралуу" конституциялык мыйзамынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрдагы №639 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча акча жана кенемте жөнүндөгү жобонун шарттарын, ошондой эле башка ушул багыттагы укуктук-нормативдик актылардын талаптары менен шарттарын эске алуу менен чечим кабыл алат. Экинчиден, ИИМдин өздүк курамынын жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлеринин өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөндөрүнүн толук тизмеси коменданттар тарабынан бекитилет", - деп билдирет ИИМ.

Министрликтин билдиргени боюнча, аталган комиссия өз ишин ушул жылдын 10-майында аяктап, чечимин чыгарат. Комиссиянын чечими менен кабыл алынган акыркы жыйынтык Каржы министрлигине жиберилет.

"Мындай санитардык-эпидемиологиялык багыттагы өзгөчө абал бизде биринчи жолу болуп жаткандыгын эске алуубуз зарыл. 2010-жылдагы Ош окуяларынын убагындагы өзгөчө абал менен салыштырбаңыздар. Ал таптакыр башкача кырдаал эле. Азыркы тапта башкы милдет өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармоо болууда. Жарандардын санитардык эрежелерди сактоолоруна катуу көзөмөл жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-карантиндик постторду, блокпостторду уюштуруу, мамлекеттик чек аралардагы өткөрмө бекеттердеги санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү, обсервациялык борборлорду күчөтүлгөн режимде кайтарууга алуу, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын көзмөлдөө, мыйзам бузулган учурда мыйзам актыларынын негизинде жоопкерчилигин кароо, мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жактан коопсуздугун сактоону камсыз кылуу, үй карантин шарттарын аткарууну камсыз кылуу жана ошондой эле коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жер-жерлерде унаа жана жөө тартибинде кайгуулга чыгууда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башка күч түзүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн иштер – милиция кызматкерлеринин – биздин кызматтык милдетибиз жана парзыбыз экендигин ар бириңиздер туура түшүнөт деген ойдобуз", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкер такталып-аныкталат жана аларга мыйзам чегинде каржылык колдоолор болот.

Пикир

Оставить комментарий