• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамасына социалдык, экономикалык көйгөйлөр боюнча кайрылгандар көп

Коом 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Жарандар милициянын көчмө кабылдамасына социалдык, экономикалык көйгөйлөр боюнча кайрылууда, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Кулжа райондук милициянын көчмө кабылдамасы атайын түзүлгөн графиктин негизинде райондун алыскы аймактарында, тактап айтканда, Чалма айыл аймагынын Буйга айылында, Кеңеш айыл аймагынын Алтын-Күрөк айылында жана Кара-Кулжа айыл аймагынын борбордук соода базарында, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында жергиликтүү элге алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милициянын мобилдик кезметтери көчөлөрдө жана коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөлөрүн уюштуруу, бардык маселелер боюнча ИИОнун имаратынан алыскы айылдарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн арналган.

Жалпысынан милициянын көчмө кабылдамасына бир күн ичинде суу, жер, электр тармактарынын ишмердүүлүгү боюнча 6 арыз түштү.

Азыркы күндө жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациясына сунуштар жиберилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий