• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча реформа уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча реформа уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-июнунан тарта Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө кабыл алуу боюнча ачык сынак жарыяланды. Мыйзам талаптарына ылайык, сынакка КРнын баардык жарандары катыша алат. Айрыкча сынакка буга чейин бул тармакта иштебеген жарандардын катышуусу колдоо менен коштолууда.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) мурунку Бишкек шаарынын Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы башкармалыгын (ЖКККБ) жана Кайгуул-күзөт кызматын (ККК) бириктирилип түзүлгөн. Мында өздүк курамдын саны көбөйгөн жок, жаңы кызматтын кызматкерлеринин милдеттерине борбордогу жол коопсуздугун камсыздоо ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоо милдети жүктөлдү.

2019-2020-жылдардын 5 айынын жыйынтыктарына салыштырмалуу, жаңы кызматтын бузууларды аныктоо жана чара көрүү боюнча көрсөткүчтөрүдө натыйжалуу өсүш байкалып турат.

Алар:

  • унааны спирттик ичимдик ичип алып башкаруу 266% жогорулады - 292 факты (2019-ж.), 1 миң 71 (2020-ж.);
  • унааны маңдайкы жана алдыңкы капталкы айнектерин карангылатып алып башкаруу 332% жогорулады - 130 факты (2019-ж.), 549 (2020-ж.);
  • унаа башкарууда жол чырагынын кызыл түсүнө өтүү 33% жогорулаган - 14 миң 8 факты (2019-ж.), 18 миң 656 (2020-ж.);
  • айдоочулардын жол белгилерине баш ийбөөчүлүгү 1243% жогорулады - 2 миң 544 факты (2019-ж.), 34 миң 187 (2020-ж.);
  • унааларды атайын унаа токтотуу жайланына киргизүү 255% өстү – 1 миң 943 унаа 2019 жылы киргизилип токтотулса, 2020-жылы 6 миң 901 унаа токтотулган.

2019-жылдын ноябрь-декарь айларында Бишкек шаарынын эки районунда гана милициянын кайгуул кызматы иштеп баштаган учурдан тартып, криминогендик жагдай 15%га төмөндөдү. 2019-жылдын январь-май айларына карата 1 миң 917 кылмыш катталган, 2020-жылдын ушул эле учуруна 985 кылмыш катталган, изи сууй электе 333 кылмыштын бети ачылган. Тактап айтканда, 2020-жылдын 5 ай аралыгында криминогендик жагдай эки эсеге төмөндөп, жакшы көрсөткүчкө жеткен. Ошол эле учурда, 2020-жылдын 5 ай аралыгында (карантин учурун кошкондо) жол эрежелерин бузгандарды аныктоо, жогоруда көрсөтүлгөндөй жогорулап, өстү.

2020-жылдын 5 айында “102” кызматы боюнча 24 миң 5 чакыруулар тейленди. Алардын 15 миң 441 аныкталып, ал эми 8 миң 564 аныкталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий