• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ИИМ министр Алмазбек Бейшеналиевдин кармалгандагы видеосун таратты

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.09.22./Кабар/. Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалгандагы видеосун таратты.

Белгилей кетсек, министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

"Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.

Пикир

Оставить комментарий