• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка чакыртылган эмес

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка дагы чакырылган эмес, - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

"Атамбаевдин тарапташтары Мирбек Айтикеевди таба албай жаткандыгын билдиришүүдө. Айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.

Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таш жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары гана өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий