• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат.

"Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин маалыматына караганда, учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Ар бир укук бузуу боюнча мыйзам алдында жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылган. Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт. ИИМ баардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чараларды көрөт. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы бир жолу эскертет", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий