• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Москвада мекендешин өлтүрүүгө шектелип 4 кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Москвада мекендешин өлтүрүүгө шектелип 4 кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлдү.

Ошентип, үстүбүздөгү жылы 22-мартта таңкы саат 04:10 кийин РФ Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулу А. тез жардам бригадасынын дарыгерлери окуя болгон жерде эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган.

Бул факты боюнча РФ Тергөө комитетинин Москва облусуна караштуу Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында РФ ИИМдин Москва облусу боюнча Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-ыкчам иликтөө бөлүгүнүн Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен бирдикте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт жаран тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргызстандын жарандары болушат.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.

КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар ар дайым жүргүзүлүп келет. Мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылдыгы жөнүндө ар дайым эскертип келишүүдө. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз ар дайым өздөрүнүн кадыр-баркына кам көрүшү керек. Биздин жарандардын катышуусундагы мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттардын коомчулугунун аракетин жокко чыгарууда.

Пикир

Оставить комментарий