• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Москвада мекендешин зордуктап, аны тасмага тарткан шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Москвада мекендешин зордуктап, аны тасмага тарткан шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 29 жаштагы Баткен облусунун тургуну өзүнө карата укук бузуу фактысы жөнүндө маалымдаган. Анда 29 жаштагы жаранды кара күч колдонуп, зордуктаган. Ошондой эле ыплас ишти кылган жаран зордуктоо учурун уюлдук телефон аркылуу тасмага тартып алган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан шектүү жаранды аныктап кармоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган чаралар көрүлгөн. Жабырлануучунун арызы Москва облусунун Норинск шаарынын аймакттык ИИМБнын кылмыштарды жана арыздарды каттоо журналына катталган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган Т.А., аттуу тургуну болгон жана Россиянын жараны болуп табылды. Ыкчам-издөө чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүү болгон жаран кармалган. Ал Москва облусунун “Ногинск” Россиянын ИИМдин аймакттык бөлүмүнө жеткирилген. Россиянын Жазык кодексинин 131-беренесинин “б” пунктусунун 2-бөлүгүнө (өмүрүнө коркунуч келтирүү менен зордуктоо) ылайык, кылмыш иши козголгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган Т.А., аттуу жаран Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий