• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Москвада мекендештерин тоноп жүрөт деген кылмыштуу топ кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.9 /Кабар/. Москва жана Москва облусунда мекендештерин тоноп жүрөт деген кылмыш топтун мүчөлөрү жана анын башчысы кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМнин басма сөз кызматы кабарлады.

2018-жылдын июлдан баштап Москва облусунда кыргыз жарандарынан түзүлгөн кылмыш тобу мекендештерин тоноп жүрөт деген ыкчам маалымат түшө баштаган.

Бул топ кыргызстандыктардан акча талап кылып, Москва жана Москва облусунун аймагында ар кандай оор кылмыштарды жасап жүрүшкөн.

Милициянын маалыматы боюнча, бул топту Москва шаары жана Москва облусу боюнча криминалдык дүйнөдө "Кароочу" макамы бар 32 жаштагы Р.М. башкарып келген.

Р.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары милициянын ыкчам каттоосунда турат.

Жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөгө алынган. 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкек шаарынын аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

11-январында ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, кармалган. Алардын ичинде криминалдык дүйнөдө "Кароочу" макамы бар 32 жаштагы Р.М. жогорудагы топтун лидери дагы кармалган.

Кийинки ыкчам-тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бир катар кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталып, алардын ичинен Россиянын кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүмүндө (уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандары боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандардын жогоруда жасаган кылмыш иштери боюнча күнөө тагылып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган кылмыштуу топтун катышуучуларынын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда жана аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Учурда Минск конвенциясына ылайык, өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселе чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий