• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Мурдагы президенттин жактоочулары иштин материалдары менен таанышууда убакытты создуруп жатышат

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары иштин материалдары менен таанышууда убакытты создуруп жатышат, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, айрым маалыматтык агенттиктерде, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу жөнүндө 28 томдук кылмыш иши менен тааныша электиги тууралуу билдирүү жарыяланган.

Жактоочуларга шилтеме берүү менен жакында коргоочуга 11-сентябрга чейин 28 томдук иштин бардыгы менен таанышуу керектиги тууралуу графикти бекитүү жөнүндө токтомду тапшырышканы, ал эми алар бир том менен таанышууга үлгүрбөй жатышканын, коргоого алынган адам документтерди барактаганга гана жетишкенин билдирген.

"Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы шектүүгө жана анын коргоочулары С. Слесарев менен З. Жоошевге 2019-жылдын 30-августунда тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялаган. Ал эми, 2 жана 3-сентябрь күнү жактоочулар тастыкталган ар кандай шылтоолорду айтып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга келишкен эмес. 4-сентябрь күнү шектүү А.Атамбаев жана анын коргоочулары тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялаган токтомго кол коюудан баш тартышкан. Ошол эле күнү жактоочулар С. Слесарев менен З. Жоошевге 2019-жылдын 5-сентябрь күнү саат 09:00гө иштин материалдары менен таанышууга келүүлөрү үчүн маалымдама тапшырылган. 5-сентябрда жактоочу З. Жоошев иштин материалдары менен эки саат ичинде таанышса, ал эми жактоочу С. Слесарев бир саат убакытта таанышып бүткөн", - деп маалымдайт Ички иштер министрлиги.

А. Атамбаев менен анын коргоочулары иштин материалдары менен таанышууну создуруп жаткандыгына байланыштуу, 2019-жылдын 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 244-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, 2019-жылдын 6-сентябрынан 11-сентябрына чейин иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакытты бекитүү жөнүндө токтом чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий