• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Башкы прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.

Кечээ, 21-майда Шамил Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “айыккыс ооруга чалдыкты” диагнозун коюп, аны тактоодо фактылардын жасалма экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун эки кызматкери камакка алынган.

Аны менен катар А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий